УКМК: «Террористтик ишмердүүлүктү каржылоого тиешеси бар жарандар кармалды»

Террористтик ишмердүүлүктү каржылоого тиешеси бар жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн терроризимге каршы иш-чаралардын алкагында, террористтик ишмердүүлүктү каржылоого тиешеси бар Кыргыз жарандарынан турган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду. «Чет өлкөдө резонанстуу, 39 жарандын өмүрүн алган терактты уюштурууга катышкан адамдарды каржылоого шектелип, 1988-жылы жана 1990-жылы туулган Кыргыз жарандары Бишкек шаарынан кармалды. Алар УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралар улантылып жатат», — деп айтылат маалыматта.