УКМК: «Террористтик ячейканын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду»

Террористтик ячейканын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК Эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында эл аралык террористтик уюмдарды каржылоо жана жасалма документтерди берүү менен алектенген өзүнчө террористтик ячейкалардын ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн атайын иш-чаралардын жыйынтыгында тыюу салынган эл аралык “Ислам мамлекети” террордук уюмунун жана “Жихад тобунун” мүчөлөрүнө акча каражаттарын которуу фактылары жана ошондой эле 2016-жылдын август айында Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин аймагында болгон террордук актынын уюштуруучулары аныкталган. Мындан тышкары, террористтик уюмдардын согушкерлерине жасалма паспортторду даярдоо үчүн Кыргыз жарандарынын жалпы паспортторун (уурдалган/жоголгон же күрөө менен калтырылган) Түркиянын аймагына өткөрүп берүүнү ырастоочу экендигине маалымат алынган.

Кечээ, 10-ноябрда террористик иш-чаранын жүрүшүндө террористтик топтун активдүү кызматкери, кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.