УКМК төрагасынын жакындары менен таанышпыз деген… Алдамчылыкка шектүү кармалды

УКМК тарабынан З.у.А аттуу жаран кармалып, ал алдамчылык жолу аркылуу УКМК төрагасынын жакындары менен таанышпыз деген шылтоо менен, УКМК тарабынан мурда кармалган Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурда “Унаа”) кызматкеринин бир тууган инисинин ишенимине кирген.

Ошондой эле, кылмыш ишин токтотуу маселесин чечип берүүнү убада кылып, 1 миллион 500 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылып алган. Аталган фактынын негизинде УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында З.у.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.