УКМК: Транспорт министрлигинин жетекчилеринин бири мыйзамсыз баюуга шектелүүдө

Мамлекеттик органдардагы коррупциялык кылмыштарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин жетекчиси Шабдан Иманкулов тарабынан мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Ага караганда, Шабдан Иманкулов мамлекеттик кызматта иштеген мезгилинде кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө, ири көлөмдөгү бодо малга ээ болгон. Бирок алардын жалпы наркы расмий кирешесине дал келбейт.

Шабдан Иманкулов кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн белгилерин жашыруу максатында, мындай көлөмдөгү мүлктү алуу учурунда кирешеси расмий тастыкталбаган жакын туугандарына каттаткан. Тактап айтканда, 3 хансарай жана автоунаалар, ошондой эле буга чейин Бишкектин борбордук бөлүгүндө 20дан ашык батирлери болгон.

Мындан тышкары, Иманкулов тарабынан үзгүлтүксүз сапарлар жана анын жакын туугандары алыскы чет өлкөлөрдүн курорттук аймактарына жиберилип турганы аныкталды.

“Ал республикалык маанидеги унаа жолдорун куруу үчүн жыл сайын жүрүп жаткан мамлекеттик сатып алуулардын эсебинен активдерин кыйла көбөйттү, аны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 3 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнүп келген”, — деп айтылат маалыматта.