УКМК: «Түндүк» подстанциясына жабдууларды жасалма сатып алуу жана орнотуу фактысы аныкталды»

Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын (ЖЧЭТИ) кызматкерлери тарабынан ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу аркылуу «Түндүк» подстанциясына жабдууларды жасалма сатып алуу жана орнотуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кызматкерлер тендердик шарттарга жана Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын бюджетине дал келбеген жабдууларды жасалма түрдө сатып алып жана орнотуу иштеринде 2,5 миллион сомдук зыян келтирилген фактыны аныкташкан.

2017-жылы “Түндүк” подстанциясы үчүн өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында “N.E.C.” өндүрүүчүсүнүн релелик коргоочусу жана автоматикасы орнотулушу керек болгон. Бирок ишкананын кабыл алуу комиссиясы ишкананын кызыкчылыгына каршы туруп, ишенимдүүлүктүн жана коопсуздуктун белгиленген шарттарына жооп бербеген башка өндүрүүчүнүн жабдууларын кабыл алган. Бул калкты электр энергия менен камсыздоодо үзгүлтүккө учуратып, техникалык жабдуунун тез бузулушун, ошондой эле бүткүл подстанциялардын иштен чыгышына алып келиши мүмкүн болгон. Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө ишкана жооптуу кызматкерлери жең ичинен сүйлөшүүлөргө барып, техникалык негиздемеси жок болгонуна карабастан, эч кандай арыз-даттануусуз орнотмолорду кабыл алуу иштерин жүргүзүшкөнү аныкталган. Кылмышка шектелип, ишкананын кабыл алуу комиссиясынын төрагасы менен жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору камакка алынды. Тергөө уланууда.