УКМК: «Түркиялык жаранды уурдап, 3 миллион доллар талап кылган топ кармалды»

УКМК тарабынан ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Түркия Республикасынын жаранын уурдоо боюнча жүргүзүлгөн кылмыш ишин тергөө учурунда, 3 миллион доллар акча каражатын талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул иштин арасында ИИМ кызматкерлери, биздин жарандар жана чет элдик жарандар да бар. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Уурдоонун уюштуруучусу аткаруучуларды таап, даярдык иштерин жүргүзгөн түркиялык ишкердин досу жана бизнес өнөктөшү экени аныкталды. Аталган ишкер Кыргыз Республикасына 1-декабрда учуп келген. “Манас” аэропортунан документтерин текшеребиз деген шылтоо менен кармап, аэропорттун милиция бөлүмүнө алып келишкен. Андан соң тапанча менен коркутуп, бардык баалуу буюмдарын алып, башына баштык кийгизип, менчик үйдө 5 күн кармашкан. Кийин уурдагандар уюштурууучунун катышуусунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, анын жүрүшүндө сатып алууну 400 миң долларга чейин түшүрүшүп, ишкерди бошотушуп, жасалма түрдө уюштуруучуну барымта катары алып калышкан.

Азыркы учурда кылмышка шектүү катары 3 жаран жана Чүй ОИИБдин “Манас” аэропортунун аба транспорт башкармалыгынын башчысы кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.