УКМК: «Украинадагы согушта жүргөн Кыргыз жараны кармалды»

Кыргыз жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышуу фактысы боюнча УКМК маалымат берди. Жүргүзүлгөн контрчалгындоо иш-чараларынын алкагында УКМК тарабынан Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан Кыргыз жараны аныкталды.

Б.у.Б. аттуу жаран 2022-жылдын 22-февралында Орусияга иштөө үчүн барып, ал Орусиянын түзөтүү мекемелеринин биринде жаза өтөө менен кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган. Атайын аскердик операциянын фонунда, Украинанын аймагында Орусиянын куралдуу күчтөрү тарабынан ишке ашырылган, “Вагнер” жеке аскердик компания өкүлдөрү тарабынан кабыл алынган жана келишимдик негизде Украинанын аймагында согуштук тапшырмаларды аткарып жаткан аскер топторунун катарына кошулган.

1-августта Б.у.Б. кармалып, тергөөнүн жыйынтыгында кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.

“Кыргыз жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу, же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүдө” мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.