УКМК: «Унаанын» Ноокен райондук секторунун башчысы кармалды

Абхазиядан бажы декларациясынан өткөрүлбөй алып келинип, мыйзамсыз катталган кымбат баалуу унаалар боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Такталгандай Орусиядан транзиттик каттоо документтеринин негизинде, Кыргызстандын техникалык паспорттору жана мамлекеттик номурлары берилген «Лексус GX» үлгүсүндөгү 2 унаа катталган. Натыйжада мамлекетке бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу менен 3 миллион сомдон ашык чыгым түрүндө зыян келтирилгени аныкталды.

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ноокен райондук секторунун башчысы Медер Өмүрзаков кармалды. УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.