УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү опузалап акча алып жаткан жеринен кармалды

6-апрелде УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү С.А.С. опузалап акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.
Кармалган адам шериктери менен ушул жылдын апрель айында Б.М.Х. аттуу жеке ишкерди күч колдонуп унаага салып, Бишкектин четине алып барышып, темир буюм менен денесине оор залал келтиришкен. Андан соң 350 миң сом акча каражатын талап кылышып, күрөөгө Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасын алып кетишкени аныкталды. Бул факты боюнча УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) фактысынын негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган адам УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.