УКМК: «Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү шантаж кылып, аялдан акча алып турган»

Ири суммадагы акча каражатын алып жаткан учурунда Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-августта УКМК тарабынан Кылмыш-Жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мурда үч жолу соттолгон, учурда Жазаларды аткаруу кызматынын №31 мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 1984-жылы туулган Нарын облусунун тургуну кармалды. Ал акыркы алты ай бою шантаж жана күч колдонуп, зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен жабырлануучудан дайыма акча каражатын алып турган.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.