УКМК: Владимир Джуманбаевге карата кылмыш ишин козгоо токтотулду

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында, «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин Казакстандын ири бизнесмендеринин бири Джуманбаев Владимир Викторович тарабынан каржылоонун айрым фактылары аныкталган.
Бирок 19-июнда Владимир Джуманбаев Кыргыз Республикасынын аймагына келип, анын активдүү катышуусу менен тергөө органдары тарабынан бир катар тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында ага мурда коюлган айыптар, УКТнын ишмердүүлүгүн каржылоого тиешеси жоктугуна байланыштуу алынып салынды жана сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду.