Ысык-Көлдөгү кайра иштетүүчү заводдон калай, вольфрам, алтын, күмүштү мыйзамсыз алып чыгуу фактысы аныкталды

Тоо-кен концентратын контрабандалык жол менен экспорттоо токтолду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тоо-кен тармагындагы мыйзамсыз иштерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ишинин алкагында, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сырт зонасында жайгашкан кайра иштетүүчү заводдон калай, вольфрам, алтын, күмүш жана башка химиялык элементтерди камтыган концентратты мыйзамсыз алып чыгуу фактысын аныктады. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жазык кодексинин 211-беренесинин 2-бөлүгү (мыйзамсыз ишкердик же банктык иш) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, ушул жылдын 29-октябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда УКМК кызматкерлери тарабынан капка салынган химиялык элементтердин концентраты менен мамлекеттик үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар кармалды, жалпы салмагы 50 тоннадан ашкан.

Автотранспорт каражаттарын кароодо ташылган жүктүн товардык-транспорттук документтеринин реквизиттеринде полиграфиялык жабдууларда өндүрүш түрүндөгү жасалмалуулуктун белгилери аныкталган. Буга байланыштуу унаалар УКМКнын Ысык-Көл облусуна караштуу аймагына киргизилди. Учурда концентраттарды мыйзамсыз алып чыгууну уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо, мамлекеттин кызыкчылыгына келтирилген зыянды, кендерди иштетүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.