УКМК: «Ысык-Көлдө жер тилкесин тартып алган мамлекеттик кызматкер кармалды»

Жеке ишкер менен сүйлөшүп, Ысык-Көлдүн эс алуу аймагындагы жер тилкесин тартып алган Ысык-Көл мамкаттоонун кызмат адамдарынын тобу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКга жаран арыз менен кайрылып, Ысык-Көлдүн жанындагы аймакта жайгашкан жер тилкесин каттоо маселесине байланыштуу Ысык-Көл мамлекеттик каттоо кызматынын башчысына чара көрүүнү суранып кайрылган. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, анын алкагында Ысык-Көл мамкаттоонун кызмат адамдары, жеке ишкерлердин бири менен болгон кылмыштуу системасынын далилдери аныкталып, жеке пансионатка ээ болуу үчүн жабырлануучуга таандык жер тилкесинин жанындагы жерди кызмат адамдын менчигине каттоого мажбур болушкан.

28-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (пара талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмышка шектүү катары Ысык-Көл мамлекеттик каттоонун директору, анын кол алдында иштеген кызматкер, ошондой эле жеке ишкер кармалып УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Биринчи Май райондук соту аларга карата баш коргоо чарасын тандайт. Ошол эле учурда, тергөөдө жер тилкелери менен болгон бүтүмдөрдү аткаруу учурунда Ысык-Көл мамкаттоодогу коррупциянын системалык көрүнүштөрү боюнча маалыматтар бар, алар сотко чейинки өндүрүш учурунда текшерилет жана ал аяктагандан кийин бардык кылмышкерлерге юридикалык баа берилет.