УКМК: Ысык-Көлдө жолду тосуп, сүт ташыган унаанын айдоочуларын барымтага алууга аракет кылган жарандар аныкталды

УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз жарандары О.Ж.А. жана М.Б.А. тарабынан WhatsApp платформасы аркылуу жергиликтүү фермерлерди массалык баш аламандык уюштурууга чакырып, жолдорду бууп, сүт ташыган унаанын айдоочуларын барымтага алуу аракети аныкталды.
Сүт өндүрүүчүлөр тарабынан сүттүн баасынын сезондук төмөндөшүнүн фонунда аталган адамдар 1000ден ашык катышуучусу бар WhatsApp группасы аркылуу, облустун аймагында коомдук тартипти бузган, деструктивдүү аракеттерге чакырган аудио билдирүүлөрдү таратышкан. Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, О.Ж.А. жана M.Б.A. тараткан аудио жазууларда массалык баш аламандыктарды уюштурууга чакырык белгиси аныкталган. Мындан улам, бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

УКМК жарандарды коомдук тартипти бузбоого жана социалдык тармактарда тараган чагымчыл маалыматтарга алданбоого чакырат.