УКМК Зарина Төрөкулова кармалып, камакта калтырылганын билдирди

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 2-бөлүгүнүн диспозициясына (массалык баш аламандыктар) туура келген чагымчыл маанайдагы материалдарды системалуу түрдө Фейсбук социалдык тармагында жарыялаган Зарина Төрөкулова аттуу аккаунттун ээси аныкталганын билдирди.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

9-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан бөгөт чарасы каралып, 30-октябрга чейин камакта калтырылган.