УКМКнын абагындагы адамды чыгарып берем деп, 65 миң доллар алган жарандар кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 17-апрелинде эки жаран Бишкек шаарынын тургунуна өздөрүн УКМКнын жетекчилигине жакын адам деп тааныштырып, УКМКнын абагына камакка алынган кишини эркиндикке чыгарып берүүгө убада беришкен. Ошондой эле абактагы адамдын үстүнөн козголгон кылмыш ишин токтотуп берүүнү да убадалашкан. Ал үчүн шектүүлөр 65 миң доллар алып, бирок акчаны алгандан кийин качып кетишкен. Алданган жаран 22-июнда милицияга кайрылган жана бул факты боюнча Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен катталган. Октябрь РИИБдин кызматкерлери аталган кылмышка шектеп 1998-жылы туулган жана 1997-жылы туулган эки жаранды кармады. Шектүүлөр СИЗО-1 абагына 2 айга камакка алынган.