УКМКнын айрым кызматкерлерине карата коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду

УКМКнын айрым кызматкерлери жана алар менен байланышкан адамдар ишкерлерден жана кылмыш иштери боюнча фигуранттардан, мамлекеттин пайдасына өткөрүлүүгө тийиш болгон акча каражаттарын жана мүлктүк укуктарды мыйзамдуу өткөрүп берүү деген шылтоо менен өздөрүнө ыйгарып, жеке материалдык кызыкчылыктарын арттырып келишкендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголду.