УКМКнын алдына вице-мэрди колдоп барып, уруш чыгарган аялга кылмыш иши козголду

УКМКнын алдына жалгыз митингге чыгып, башка аял менен уруша кеткен жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу редакцияга өздүк булактар билдирди.

Кечээ, 26-майда УКМКнын алдына Назира Мукамбетова аттуу жаран жалгыз митингге чыккан. Ал вице-мэрди бошотууну талап кылып, УКМКнын ишин сынга алган. Митинг учурунда жолдо өтүп бара жаткан жаран менен уруша кетип, ага күч колдонгон. Ушуга байланыштуу Назира Мукамбетова Биринчи Май РИИБге жеткирилген. Жазылган арыз катталып, майда бейбаштык менен кылмыш иши козголду.