УКМКда иштейм деп элди алдап жүргөн жаран кармалды (сүрөт)

Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүмү (документтердин жасалмасы) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКнын кызматкеримин деп жүргөн 1994-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал өзүн УКМК кызматкеримин деп тааныштырып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири менен түз байланышта болгонун жашырып, алдамчылык жол менен ар кандай ири компанияларга жумушка орноштуруу шылтоосун кылып, жабырлануучулардын ири суммадагы акча каражаттарын алып жүргөн.

Аталган жарандын унаасын тинтүүнүн жыйынтыгында, Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкеринин кызматтык күбөлүктөрү, парламенттин имаратына кирүүчү документ, Орусиянын жана дипломатиялык каттоонун эки жасалма унаа номери, Орусиянын унаа каттоосунун күбөлүгү, ага катталган, жеке колу коюлган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын визиттик карточкасы, Жогорку Кеңештин мөөрү жана уюлдук телефонунан УКМК кызматкеринин формасын кийген сүрөттөрү табылып алынды.

“Чогулган материалдардын негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгына юридикалык баа берилмекчи. Азыркы учурда жабырлануучуларга келтирилген зыяндын көпчүлүгүн төлөп берилди”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери улантылууда.