УКМКнын кызматкеримин деп алдап, 300 миң сом талап кылган жаран кармалды

УКМКнын жалган кызматкери опузалап талап кылып жана акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кармалган жаран «Талас облусунун соту жана прокуратурасы тарабынан оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүп берем» деп 300 миң сом талап кылган. 4-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (алдамчылык) тууралуу жарандын арызы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, талап кылган акча каражатынын 200 миң сомун алып жаткан учурунда шектүү кармалды. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.