УКМКнын тергөө абагынын башчысы жана анын орун басары кызматынан бошотулду

УКМКнын абагын жетектеп келген М.М. менен анын орун басары Т.У. ээлеген кызматынан бошотулду. Бул маалыматты бүгүн, 28-августта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындай чечим «Кыргыз темир жолунун» мурдагы башчысы Василий Дашковдун камак шартын бузуп, менчик ооруканада дарылануу үчүн бошотулганына байланыштуу. Бул окуя боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн.

Буга чейин менчик ооруканада дарыланып жаткан Василий Дашковдун ээн-эркин басып жүргөн видеосу тараган.