УКМКнын төрагасы кармалган мурдагы башкы бажычы тууралуу: «Акырын колун сала баштады»

«Бажы кызматынын мурдагы башчысынын иши тергелип жатат. Фактылар бар. Иштегенине үчүнчү айга кетип жаткан. Эки ай жакшы иштеди. Жарым айда акырын колун бюджетке сала баштаган. Колун мыйзам менен кырка чаптык». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 23-январда маалымат жыйынында билдирди.

17-январда Бажы кызматынын башчысы болуп турган Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип, УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган.