Украинадагы согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыкка карата иликтөө иштери башталды

УКМК социалдык тармактарда тарап жаткан видео тууралуу маалымат берди. УКМКнын кызматкерлери Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерди чагылдырган аккаунтту аныктап, анын ээси кыргызстандык жаран экенин тастыктаган. Маалымат боюнча, ал 2021-жылдын декабрь айында эмгек мигранты катары Украинага кеткен.

«Азыркы учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси “Кыргыз жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерге катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү” боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.