Уктап жаткан жеринен! Ташиевдин уулумун деп алдамчылык кылууга шектелген жаран кармалды

Кыргыз Республикасынын жарандары — Д.С., К.Ж. жана РФ жараны — Д.Б. акчасын жана унаасын мыйзамсыз ээлеп алган “Адилет” аттуу кылмыштуу топтун мүчөсүнө карата чара көрүү жөнүндө арыз менен УКМКга кайрылышкан. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык) боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында 13-июнда Н.А.Х. аттуу жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кармалган Н.А.Х. жана Д.Т.А. аттуу жарандар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу катары өздөрүн тааныштырып, коркутуу жана алдоо жолу менен 2019-жылы чыгарылган Тойота Приус үлгүсүндөгү унааны, ошондой эле 400 миң рубль өлчөмүндөгү акча каражатты ээлеп алышканы аныкталды. Азыркы учурда УКМК бул кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө, ошондой эле, башка ушул сыяктуу мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар адамдарды аныктоодо.