«Уктоочу бөлмөдө болушкан». Кызыл-Кыяда өрттөнүп жаткан үйдөн 2 бала куткарылды

Кызыл-Кыядагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн милиция кызматкерлери эки өспүрүм баланы аман куткарып калды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан 12-февралда саат 06:15 чамасында өрт чыккан. Бул маалыматты уккан Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барганда өрт өчүрүү кызматы иштеп жаткандыгын байкаган. Окуя болгон жерден сураштыруу иштерин жүргүзүп, өрт чыккан үйдө өспүрүм кыз менен 4 жаштагы бала уктоочу бөлмөдө калып калганын такташкан. Ошол эле замат Кызыл-Кыя ШИИБдин төрт кызматкери токтоосуз күйүп жаткан үйгө кирип, эки өспүрүмдү аман-соо куткарып чыгып, Тез жардам кызматына көрсөтүп, апасына тапшырган.