Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген Июнь окуясынын катышуучусу кармалды

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан, жашынып жүргөн 1991-жылы туулган Кыргыз Республикасынын Н.Х. аттуу жараны чет мамлекеттин аймагынан кармалды.

Ал 2010-жылы болгон окуялар учурунда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталууда. Кылмышкер узак убакыт чет мамлекеттин аймагында жашынып жүргөн. Тергөөнүн маалыматы боюнча 1991-жылы туулган Н.Х. аттуу жаран 2010-жылы Ош шаарында болгон окуя учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө активдүү катышкандардын бири болгон. Учурда Н.Х. Кыргыз Республикасына алынып келинип, камакка алынды.

Кылмышкердин жүргөн жерин аныктоо жана кармоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн, КМШ мамлекеттериндеги уюшкан кылмыштуулукту координациялоо боюнча бюронун жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жардамы менен, жана Орусиянын Москва облусунун Одинцово шаарынын полиция кызматкерлери, Ош ШИИБтин кызматкерлери менен биргеликте ишке ашырылды.