Укук коргоо органынын кызматкеринен 1 миллион сом акча талап кылган шектүү кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан укук коргоо органынын кызматкеринен опузалап 1 миллион сом талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

Пара талап кылуу фактысы боюнча маалымат Чүй ОИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (опузалап пара талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

8-февраль күнү 100 миң сом алып жаткан жеринен 1986-жылы туулган жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.