Укук коргоочу Чүйдө 10 жаштагы кызды өгөй атасы порнобизнеске аралаштырганын айтып чыкты

Чүйдө ата 10 жаштагы өгөй кызын порнобизнеске аралаштырган. Бул тууралуу « Oasis» фондунун директору Мээрим Осмоналиева соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, үй-бүлө облустардын биринен Чүй облусуна көчүп келишкен. Жабырлануучунун апасы экинчи жолу турмушка чыккан. Анын эки кызы бар. Киши эки жыл мурун улуу кызын порнобизнеске аралаштырган. Азыр кыз 12 жашта. «Факты 2022-жылдын башында катталган. Өгөй ата эки жыл бою порнографиялык сүрөттөрдү жана видеолорду тараткан. Ал кантип кийингенин, чечингенин видеого тартып, аны бардык жерде, уктоочу бөлмөдө, жуунучу бөлмөдө тарткан. Коркуткан. Видеолор эл аралык порносайттарга таркатылган», — деди Мээрим Осмоналиева.

Өгөй атага 155-берене «балага карата сексуалдык мүнөздөгү күч колдонуу», 162-берене «баланы порнобизнеске тартуу», 156-берене «сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо», 161-берене «порнографиялык предметтерди таратуу» беренелери боюнча айып тагылган. Бул окуяга социалдык кызматтар жана фонд көңүл бурган. Алар кызга социалдык жана психологиялык жардам көрсөтүшөт. Азыр өспүрүм апасы менен реабилитациялык борбордо.