Укук коргоочу милиция кызматкерлерин кыйноолор үчүн айыптады. Милициянын версиясы

Укук коргоочу күч органдарын адамды кыйнаган деп айыптады. Милиция өз версиясын билдирди.  

Өз кезегинде Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бардык айыптоолорду четке какты. Алардын маалыматына караганда, милиция уурулук жана алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин тергеген. Ал 21-октябрда кармалган.

Милиция кылмышка шектүүнүн алган жаракатын 12-октябрда, башкача айтканда, кармалганга чейин ооруканага жаткырылгандыгы менен түшүндүрдү. «Сол көзүнүн үстү көгөргөн жараат, жабык баш мээ жаракаты, баш мээси чайкалган» деген диагноз менен жаткырылган.

Андан соң Биринчи Май РИИБдин тергөө тобу ооруканага барган. Жигит түнкү клубда сабалганын айткан — бул тууралуу нөөмөттөгү дарыгердин маалымкаты бар. Тергөөгө чейинки текшерүү учурунда жигит арыз жазуудан баш тарткан. Жыйынтыгында кылмыш ишин козгобоо чечими чыгарылган. Учурда кармалган жаранга козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлдү.