Укук коргоочу: «Ошто 3 жашар бала каза болду. Жакындары анын өлүмүнүн себебин жашырып жатышат»

Ошто 3 жашар бала каза болду. Жакындары анын өлүмүнүн себебин жашырып жатышат. Бул тууралуу “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Назгүл Турдубекова соцтармакта билдирди. 

Анын айтымында, жакындары милицияга айтпастан жерге беришкен. Өз кезегинде Ош ОИИБ маалымат текшерилип жатканын жазышып, укук коргоочуга маалыматы үчүн ыраазычылык айтышты.