Укук коргоочу: Бишкекте 17 жаштагы кызды ала качып кетишкен. Кыздан анын жакындары баш тарткан

Жакында эле Бишкектеги Старый толчок районунда 17 жаштагы кызды ала качып кетишкен. Бул тууралуу «Открытая линия» коомдук фондунун жетекчиси Мунара Бекназарова соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, ал учурда кыздын дене табы көтөрүлүп, ооруп жаткан. «Ал кичине өзүн жакшы сезгендиктен дарыканага дарыга жөнөгөн. Жолдон кошунасы отурган унааны көргөн. Кошунасы жеткирип коюуну сунуштаган. Кыз макул болгон эмес. Бирок кошунасы түшө калып, колу менен оозун басып, кызды унаага салган. Үйүнө алып барганда, апасы кыздын турмушка чыгууга каршы экенин билип, аны башка чапкылап, «менин уулумдан кантип баш тартып жатасың?» деген. Кыздын жардам сурап милиция чакырууга мүмкүнчүлүгү болгон. Бирок ал үйүндөгүлөрүнө да кереги жок экенин билген. Үйүндөгүлөр «сен ажырашкансың, милиция чакырууга кантип батындың?!» дешкен. Кыз колдоо күтүп, эжесине барган. Бирок эки күндөн кийин анын күйөөсү «биздин үйдө мындайларга орун жок» дегенин айткан. Эжеси кыздын ал жакта жашай албасын билдирген. Кыз учурда коопсуз жайда. Ага түнү коркунучтуу түштөр кирип жатканына байланыштуу кичине алаксып, иштөөнү чечти. Чач тарач болууга тажрыйбасы бар экен. Ага эми керектүү инструменттер керек болуп жатат. Кимде-ким жардам бергиси келсе, +996555654803 номурлары аркылуу жардам берсеңиздер болот»,- деп жазды ал.