Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине Улуттук госпиталынын медайымынын денесине залал келтирген жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен медайымдар ассоциациясынан кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Тергөөнүн жүрүшүндө ушул жылдын 19-февралында медайым оор абалдагы оорулууну таңуу процедурасын жүргүзүү үчүн шектүүнү палатадан чыгып кетүүсүн суранганын, бирок акыркы эскертүүгө карабастан терс мамиле жасап, кош бойлуу медайымды себепсиз сабаганы аныкталган.
Кесепетинен медайымдын башын көгөрүп, «боюнан түшүү коркунучу бар» деген диагноз менен ооруканага жаткырылган.
Аталган фактыларды текшерүүнүн жыйынтыгында УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «бейбаштык» боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, шектүү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
- Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүндө бейтаптын тууганы медайымды сабап салган. Окуя 19-февралда болгон. «Анын 3 айлык боюнда бар. Кош бойлуулугу токтоо коркунучу менен шаардык гинекологиялык ооруканага жаткырылган. Абалы туурууктуу»,- дешкен министрликтен.
- СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден окуя тууралуу маалымат беришип, тергөө бөлүмүнө 1981-жылы туулган жаран жеткирилип, суралганын, ал чакырган убакта барууга макул болуп, бошотулганын билдиришкен.