Улуттук госпиталдын башкы дарыгери камакта калтырылды

Улуттук госпиталдын УКМК тарабынан кармалган башкы дарыгери камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 15-майга чейин камакта болот.

16-мартта Улуттук госпиталдын башкы дарыгери мамлекетке 40 миллион сомдон ашык зыян келтирген деген шек менен кармалган.