Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүнүн башчысы менен дарыгер кармалды

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК Кыргыз Республикасынын министрликтеринде жана мекемелеринде коррупциянын алдын алуу жана жоюу, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык кыянатчылыктарын аныктоо боюнча активдүү иш алып барууда.

Алсак, козголгон кылмыш ишинин алкагында Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери, тактап айтканда жаак-бет хирургия бөлүмүнүн башчысы К.А.С. менен дарыгер А.Ш.А. бейтаптардан акча каражаттарын системалуу түрдө алуу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Аталган мекеменин жетекчиси К.А.С. жана анын жакын туугандарынын алдын ала суммасы 2 миллион АКШ долларынан ашык мүлкү бар. Бул сумма директордун ооруканадагы ишмердигинен алынган реалдуу кирешеге дал келбейт, анын жылдык маянасы 400 миңди түзөт.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди жана мыйзамсыз аракеттердин фактылары аныкталууда.