Бишкектеги Улуттук илимдер академиясынын бухгалтериясында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
15-ноябрь күнү саат 10:49 чамасында Улуттук илимдер академиясынын Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы корпусунун 3-кабатында жайгашкан бухгалтерия бөлмөсүндө өрт чыгып, стол, отургучтар жана иш кагаздар күйгөн. Өрт саат 11:14тө чектөөгө алынып, саат 11:41де толук өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө 2 өрт өчүрүү бөлүм тартылган. Учурда кырсыктын себеби такталууда.