УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды.

Маалым болгондой, алтын зер буюмдарынын аткезчилигине байланыштуу ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Болот Сүйүмбаев кылмышка тиешеси бар делинип, бир нече ирет сотко жана сурак иштерине чакырылган. Бирок ал суракка келбегенине байланыштуу УКМК Жазык кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана экономикалык контрабанда беренелери боюнча шектелип жатканы тууралуу Болот Сүйүмбаевдин сыртынан кабарлама таратылып, издөө жарыяланды.