Унаа башкарып баратып телефондо сүйлөшкөн 135-маршруттук таксинин айдоочусуна айып салынды (видео)

Социалдык  тармактарга унаа айдап баратып видеочалуу менен сүйлөшкөн маршруттук таксинин айдоочусунун видеосу тараган. Аталган айдоочуга айып салынганын Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

«Унаа башкаруу учурунда уюлдук телефон колдонгондугу үчүн, кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 135-маршурттук унаанын айдоочусуна тийиштүү протокол толтурулуп, 3000 сом айып салынды», — деп жазылат маалыматта.