Унаа башкарып, сөгүнгөн окуучулар. Өспүрүмдүн атасына 15 миң сом айып салынды

Айдоого укугу жок өспүрүмгө унаа каражатын бергендиги үчүн өспүрүмдүн атасына 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Бул маалымат боюнча милиция кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, унааны таап, айдоочусу өспүрүм болгондуктан, ага унааны башкарууга бергендиги үчүн, атасына 15 миң сом айып салынып, унаасы айып короо жайына киргизилди.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы мектептин 7-класстын окуучулары тартылган деген видео тараган. Видеодон 4 өспүрүмдүн унаа башкарып бара жатканын, ошондой эле сөгүнгөнүн угуп-көрүүгө болот.