«Унаа бөлүнүп кеткен». Бишкекте жол кырсыгы катталды

Бүгүн, 15-июлда Бишкектеги Ахунбаев менен Алымкулов көчөлөрүндө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү сүрөт, видео менен бөлүшүштү.

Маалыматтарга караганда, жеңил унаанын бирөөсү экиге бөлүнүп кеткен. «Айдоочу менен жүргүнчү тирүү экен. Тез жардам алып кетти»,- деп жазды күбө.