Социалдык тармакта «Мадина» базарына жакын жерде жүрөк үшүн алган жол кырсыгы катталганын жазышты. Видеодон көргөндөй, унаа экиге бөлүнүп кеткен. Милициянын кайгуул кызматынан жол кырсык боюнча маалымат беришти.
Жол кырсык бүгүн, 15-декабрда саат 06:40 чамасында катталган. 22 жаштагы чет өлкөнүн жараны БМВ 520 үлгүсүндөгү унаасы менен 7-апрель көчөсүндө кетип бара жатып, унааны башкара албай, жол четиндеги мамыны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана бир жүргүнчү каза болду. Дагы 3 жүргүнчү ооруканага жеткирилген. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.