«Унаа, жер алып берем» деген сөзгө Ошто 8 жаран 1,5 миллион сомго алданып калган

Ошто алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү 1983-жылы туулган жаран мурда адам тоногону, карактаганы үчүн соттолуп чыккан. Ал бир нече жарандарга «чет өлкөдөн унаа айдап келем» деп ири суммадагы акчаларын алып, изин жашырып кеткен. Андан сырткары «үй салууга жер алып берем» деп сүйлөшүп бир нече жердештерин дагы алдаган. 5 жаранга унаа убадаласа, 3 жаранга жер убадалаган. Алардан 5 миӊден 8 миӊ долларга чейин акча алган. Жарандарга келтирилген чыгым 1,5 миллион сомдон ашуун сумманы түзөт.

Шектүү 5-декабрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ош ШИИБнын Ак-Буура милиция бөлүмү бул жарандан жабыркагандар болсо 0553-01-70-17, 0222-6-64-12 номурлары аркылуу байланышып коюуга чакырат.