«Унаа жолдон чыгып, оодарылып калган». Нарындагы жол кырсык 35 жаштагы кишинин өмүрүн алды (сүрөт)

Нарындагы жол кырсыктын кесепетинен 1 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 407-чакырымында катталган. Анда Ford Mondeo унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1986-жылы туулган эркек киши каза болуп, 1985 жана 1986-жылы туулган жарандар ар кандай жаракат алышкан. Жерине №45 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган жарандар Ат-Башы райондук ооруканага жеткирилген.