«Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин айрым бөлүмдөрүндө документтерди жасалмалоо фактылары аныкталды»,- деп билдирди бүгүн, 5-мартта ИИМдин басма сөз кызматы. Расмий маалымат боюнча, Орусиядан алынып келген автоунаалардын документтерин жасап турушкан.
«Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүздү.
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын аймагына Деу-Нексия, ВАЗ жана башка үлгүдөгү унаалар Орусия Федерациясынан алынып келгени жана алар жасалма документтерди колдонуу менен мыйзамдаштырылганы жөнүндө маалымат түшкөн. Тергөө кызматы (Ош шаары) ушул жылдын февраль айында Жазык кодексинин 359-беренеси («Документтерди жасалмалоо») боюнча сотко чейинки тергөө ишин баштаган.
Аймактар аралык башкармалыктын ыкчам кызматкерлери тарабынан сотко чейинки тергөө иш-чараларынын алкагында соттун токтомунун негизинде «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бир нече бөлүмдөрүндө айрым иш кагаздардын түп нускалары алынды. Тактап айтканда, транспорттук каттоого байланыштуу документтерди текшерүү иштери «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад жана Баткен облустук башкармалыгында (Кызыл-Кыя шаарында) жүргүзүлдү. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө аталган мекемелерде мыйзамсыз иш-аракеттер аныкталды»,- деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.
«Унаа» мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад жана Баткен облустук башкармалыктарынын бир катар кызматкерлери сурак беришти. Тергөө амалдары жүрүп жатат.