«Унаа» мамлекеттик мекемесинде коррупциялык схема аныкталды

«Унаа» мамлекеттик мекемесинен коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК органдарында коррупциялык схемаларды бузуу боюнча көрүлгөн чаралардын алкагында, 2015-жылдан бери Кыргыз Республикасына ташууга тыюу салынган оң рулдуу унааларды мыйзамсыз легалдаштыруунун туруктуу каналын бөгөт коюлду.

Маалыматка караганда, жүргүзүлүп жаткан ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Ак-Тилек» жол көзөмөлдөө пунктунун кире беришинде 15 жеңил унаа менен 2 оор жүк ташуучу унаалар токтотулган, текшерилгенде булар үчүн транспорт каражаттарынын каттоо (кайра каттоо) күбөлүктөрү, 2021-жылы эки айдын ичинде тагырагы, июнь-июль айларында Чүй облусундагы «Унаа» МИнын бөлүмдөрү тарабынан мурунтан эле берилген. Ошол эле учурда, алардын кээ бирлеринин кузовторунун идентификациялык номерлери транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүндө көрсөтүлгөндөргө дал келген эмес.

Учурда бул ишке тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Юстиция министрлигинин алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо департаменти дагы аныкталган коррупциялык схемага аралашкан.