Кечээ, 26-апрелде УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө (пара талап кылуу) боюнча каралган кылмыш ишинин алкагында пара алып жаткан жеринен ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын кызматкери жана ортомчу кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.
“Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору ортомчу аркылуу Жалал-Абад шаарынын тургунунан айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн экзаменди тапшыруу маселесин оң жагына чечип берүү үчүн коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылганы аныкталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы эки жаран пара алып жаткан жеринен кармалды. Аталган жарандар Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
“Унаа” мамлекеттик мекемесинин оператору менен ортомчу пара алууга шектелип кармалды
- Categories: КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
Related Content
Өзгөндө 24 жаштагы келинди балталап салган. Кошунасы кармалды
Автор
Эдита Ильясова
16:44 06.10.2024
Бишкекте Лексустун айдоочусу бала бакчанын тосмосун сүзүп, 10 жаштагы кызды тебелеп кетти
Автор
СЕРЕП МЕДИА
09:37 05.10.2024
Ысык-Көлдө баңгизат колдонуп, жубайын ур-токмокко алууга шектүү кармалды
Автор
Эдита Ильясова
14:35 04.10.2024
Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүнүн башчысы менен дарыгер кармалды
Автор
Эдита Ильясова
14:14 04.10.2024
Телефон киргизүү үчүн түрмөнүн кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды
Автор
Эдита Ильясова
10:58 04.10.2024