“Унаа” мамлекеттик мекемесинин оператору менен ортомчу пара алууга шектелип кармалды

Кечээ, 26-апрелде УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө (пара талап кылуу) боюнча каралган кылмыш ишинин алкагында пара алып жаткан жеринен ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын кызматкери жана ортомчу кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору ортомчу аркылуу Жалал-Абад шаарынын тургунунан айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн экзаменди тапшыруу маселесин оң жагына чечип берүү үчүн коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылганы аныкталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы эки жаран пара алып жаткан жеринен кармалды. Аталган жарандар Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.