Унаа оодарылып, андагы адамдарды басып калган видео Казакстан же башка өлкөдө тартылганы айтылды

Социалдык тармактарда жарандардын жүрүп бара жаткан унаадан белине чейин чыгып алганы, унаа оодарылып аларды басып калган видео тарады. Видеонун Кызыл-Кыяда тартылганын, кесепетинен 2 жигит каза болгонун жазышууда.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Баткен облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы менен байланышканыбызда, видео Кызыл-Кыяда тартылбаганын билдиришти. «Бул окуя Кызыл-Кыя шаарында болгон эмес. Ошондой эле текшерүү иштеринин жыйынтыгында мындай жол кырсыгы Баткен облусунун аймагында катталбагандыгын билдиребиз»,дешти.

Ал эми редакцияга ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсык Казакстан же башка өлкөдө болушу мүмкүн экенин билдиришти.