Унаа оодарылып, андагы адамдарды басып калган видео Кызыл-Кыяда тартылганбы? Милиция жооп берди

Социалдык тармактарда жарандардын жүрүп бара жаткан унаадан белине чейин чыгып алганы, унаа оодарылып аларды басып калган видео тарады. Видеонун Кызыл-Кыяда тартылганын, кырсыктын кесепетинен 2 жигит каза болгонун жазышууда.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Баткен облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы менен байланышканыбызда, видео Кызыл-Кыяда тартылбаганын билдиришти. «Бул окуя Кызыл-Кыя шаарында болгон эмес. Ошондой эле текшерүү иштеринин жыйынтыгында мындай жол кырсыгы Баткен облусунун аймагында катталбагандыгын билдиребиз», — дешти.