«Унаа оодарылып калган». Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы катталды (видео)

Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Жол кырсыктын видеосу телеграм-каналдарга тарады. 

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, кырсык Бишкектин Шабдан баатыр менен Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Видеодон унаалардын биринин оодарылып жатканын көрүүгө болот. Учурда кырсыктан жабыркагандардын бар же жогу боюнча маалымат жок. Тийиштүү органдар маалымат бере элек.