Унаа үстүндөгү киши менен кошо арыкка кирип кеткен окуя. Милиция жубайларды тапты

2-мартта Бишкек шаарында катталган жол кырсыгынан кийин күйөөсү менен аялы Биринчи Май РИИБге жеткирилди. Бул тууралуу 2-мартта милициядан билдиришти.

Кырсык 26-февралда Профсоюзная жана Каракум көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде болгон. 30 жаштагы келин Хонда Фит үлгүсүндөгү унааны башкара албай калып, бордюрду сүзүп, андан соң унаа арыкка түшүп, мамыны сүзгөн. Инспекторлор кырсыктын схемасын түзүшкөн, унаа айып жайга токтотулган. Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн күйөөсү менен аялы милицияга жеткирилген.